Нарын суусуна түшүп кеткен жеңил унаанын айдоочусунун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 26-июль күнү саат 16:30 чамасында Нарын районунда Ауди С4 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Нарын суусуна түшүп кеткен. Окуя болгон күнү издөө иштери жүрүп, бирок натыйжа болгон эмес. Кечээ, 27-июль күнү саат 06:30 чамасында унаанын айдоочусунун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.