
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер
Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылында 1932-жылы туулган. Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, "Кыргызфильм" киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б.Өмүралиевдин "Тагдырдын өгөй балдары", "Жаңырык", "Ата сөзү – ар-намыс" жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган.
* Мындан 43 жыл мурун, 1971-жылы Орусиянын “Пионер-11” спутниктик аппараты алгачкы ирет Сатурндун шакекчелерин сүрөткө тарткан.
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы Советтер Союзунун КГБсынын төрагасы Юрий Владимирович Андроповдун буйругу менен террорчуларга каршы күрөшүү үчүн "Альфа" тобу уюшулган.