КРнын Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 28-июлда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту.
Тараптар ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн “Бузулбас достук-2014” биргелешкен машыгуусу ийгиликтүү өтөрүнө үмүттөнүшөрүн билдиришти. Министр машыгуулар аскердик даярдыктар боюнча жаралган суроолорго практика жүзүндө жооп таба алышарын айтты. Жолугушууда аймактык жана эл аралык коопсуздук, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн аскердик даярдыктарынын перспективалары талкууга алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.