Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2015-жылы республикалык бюджеттен 15,6 миллиард сом сарпталуусу болжолдонууда. Анын 6,9 миллиард сому тышкы карызды тейлөөгө жана 8,7 миллиард сому ички карызды тейлөөгө жумшалмакчы. Бул тууралуу Каржы министрлигинин расмий сайты жарыялады.
Адистер белгилегендей, 2014-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көлөмү 187 миллиард 22 миллион сом (3 591 миллион АКШ доллары) түздү, алардын ичинен мамлекеттик сырткы карыз – 174 миллиард 240 миллион сом (3345 миллион АКШ доллары), мамлекеттик ички карыз - 12 миллиард 782 миллион сом (245 миллион АКШ доллары).
Мамлекеттик сырткы карыздын ИДПга болгон көрсөткүчү 2013-жылдын аягына 44,4 пайызды түздү (2012-жылы 46,3 пайыз), бул мамлекеттик сырткы карыздын туруктуулугун мүнөздөйт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн күч-аракети келечекте ушул орточо мөөнөттүү көрсөткүчтүн туруктуу деңгээлин сактоого багытталат.