Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге кылмыш иши козголду

Грузиянын прокуратурасы 28-июлда өлкөнүн экс-президенти Михаил Саакашвилиге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Белгилүү болгондой, кылмыш иши Саакашвилинин 2007-жылы Тбилисидеги өкмөткө каршы демонстрацияны күч менен таратып, “Имеди” телестанциясына рейд жасатып, аны басып алып, кызматын кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн козголгон.

Ошондой эле экс-президент Михаил Саакашвили менен бирге иштегендерге да иш ачылганы айтылды. Алар: өлкөнүн мурдагы премьер-министри жана ИИМ башчысы Иван Мерабишвили, мурдагы коргоо министри Дваид Кезерашвили жана Тблисинин экс-мэри Георгий Угулав. Мындан сырткары Саакашвилинин прокуратурага сурак берүүгө келбей койгону маалым болду.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан