Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ишмердигинин маселелери, тактап айтканда, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттенишүүнүн түрдүү аспектилери талкууланды.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен бирдикте өткөрүлүп жаткан «Ажырагыс боордоштук – 2014» окууларын талкуулашты.