Түндүк Ирландияда сазда сүзүү сынагы өттү

Түндүк Ирландиянын тургундары саз майрамын белгилешти. Аталган майрам 10 жылдан бери 50 метр аралыкка сазда сүзүү сынагы менен коштолуп келет. Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп, майрамдоого чет өлкөдөн да коноктор келишти. Бул тууралуу 28-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Данганнон шаарынан алыс эмес жердеги Питлендс сейил багында орун алган сынакта катышуучулар медайым, зомби жана баканын образында кийинип келишкен. Эрежеге ылайык, ар бир катышуучу 50 метр аралыкты сүзүп өтүшү керек. Ошондой эле калак буттар, маска жана түтүктүн жардамы менен сүзүп, бирок чабак урбашы керек. Аба ырайынын бузулушуна карабай 30 адам катышты. 

Түндүк Ирланиянын тургундары бул майрамды 19 жылдан бери белгилешет. Уюштуруучулар мындай чемпиондук аркылуу жоголуп бара жаткан саздардын көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылып келишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
MOMyH
2014-07-29 22:02:19
Жакында кумда сузууну юа чыгарышат. Таппасан сыйпалап кал. Дагы нени кылышат экен?!
0
dastan_nookat
2014-07-29 23:27:12
Фотосу жокпу?
0
aikow92
2014-07-30 11:11:09
Фотосун карасанар журналисттер тартып, сынак боюнча дуйно эли суйлоп жатат. Ушундай ойго келбес оюндар менен коп мамлекеттер туристтерди озуно тартышат экен. Ойлоп табуучуларынар кооп болсун.
+1
Мэри
2014-07-30 11:41:40
Саз дегенде көбүнчө "сазга батуу, саз соруп кетет, сазга тыгылуу" деген нерселер туюнтулат да. Булар сазга арнап майрам уюштурушса, аны сактап калгылары келсе, анда мен саз тууралуу оюмду өзгөртөт окшойм )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан