Орусияда кыргызстандык айым "бир тууганын өлтүрүүгө буюртма берген" деп шектелүүдө

Орусиянын Сургут шаарында мыйзамсыз жашап келген Кыргызстандын жараны "буюртма менен адам өлтүрүүнү даярдаган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 28-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын июль айынын орто ченинде 32 жаштагы айым 100 миң рублга бир тууганын өлтүрүүгө макул болгон адамдарды тапкан. Анын бул кадамга барышына агасы менен чогуу жашагысы келбегени себеп болгонун айтып түшүндүргөн. Өлтүрүүгө макулдугун берген адамдарга бир тууганынын сүрөтүн, жашаган жерин жана алдын ала 30 миң рубль берген. 25-июлда буюртманы аткаруучу "өлтүрдүм" деп жасалган сүрөттү кыргызстандык айымга көрсөткөн. Ошол учурда укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлүп, баш коргоо чарасы менен камакка алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
talant_kg88
2014-07-29 16:55:35
Ал айым башка улуут менен жургон аял болуш керек башка улуут менен жургон аял кыздар ушундай жолду жакшы тандашкан журогундо Кыргыз эмес тажик озбек армиян жашап калган москваны коргон Кыргыз кыздарынын
-9
Aksana1602
2014-07-29 21:23:35
talant_kg88, kкайсы макалага кирбейин комментарий калтырганда москвадагы кыргыз кыздарга асылмайынча койбойсун. . бул жерле бир туугандар жонундо соз болуп атат . ХХХ ХХХ...
+2
admin_portal
2014-07-30 11:43:31
Aksana1602 - эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз.
0
elish87
2014-07-29 16:58:38
Башка себеби да бардыр балким уй жайын ээлеп алыш учун
+2
kama_future_millioner
2014-07-29 17:52:39
Мына сага бир тууганы бир тууганын олтурдуруп атса жащоо кайда баратат
0
femida86
2014-07-29 18:06:15
Эн коркунучтуу жана ан сезими бар акылдуу жырткыч бул адам деген чын экен.
0
altyshka_23
2014-07-29 19:08:24
мы
0
MARGO55
2014-07-29 19:08:32
Шайтандын арабасына тушуп козуну май басып,Бир карынга батып жургонун унутуп Бир квартирага батпай калыптыр да келесоо!
+2
mirbakg
2014-07-29 19:22:35
Озунун бир тууганын олтуртуп аткан адамдан Жакшылык кутпой эле койуш керек озунун бир тууганына олум тилеген башкага Жакшылык кылып жарытпайт !!!
+2
gulperi.kg
2014-07-29 20:41:39
Бир тууганды олтурмок тургай,омурун кудайдан тилеп олтурабыз го.Адамдар кайда баратат деги
+2
Aitunuk
2014-07-29 20:52:07
Өтө олуттуу себеп болсо керек, бир нерсе деш кыйын. Деги адамга нысап берсин гана дейсин.
0
demo009
2014-07-29 22:07:24
Агасы тынчтык бербесе керек да,каякта жүрөсүң деп.
0
Sharipa-asia
2014-07-29 22:20:19
Акча учун бир тууган олумго кеттиби ошондо тообо эшек го ал айым андаааа
0
samidinova84
2014-07-30 02:36:31
Кечээ эле бир макала окудум эле.бир акылман аялдын башына эн оор тандоо келет экен,баланды же куйоонду же биртууганынды танда деп.анда аял ойлонуп баланы дагы тороп алам,дагы бироонун этегин кармап куйоо кылам,а биртууган мага эчким боло албайт деп биртууганын тандап куткпрган экен.
+13
elish87
2014-07-30 10:04:59
Илгеееери жаштыгымда чондор суйлошуп отурганда бир нерсе эсимде калган экен акыры заман жакындаганда адамдар тулку болушат бири бирин алдап кийинчерээк бору болушат бири бирин жеп деп аны сынары .......
+1
shakarap77.31
2014-07-30 15:05:49
Заманыбыз жакшы кудага шугур,адам баласында ыйман,мээр,деген жоголуп баратат,баарынан байлыкты жакшы коруп сокур болуп баратабыз,акча десе аландап,тууганды дагы корбой калдык.
+2
Sairagul77
2014-07-30 19:22:50
Бир туугандан айлангыр.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан