Бүгүн, 29-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа менен жолугушту. Анда тараптар аймактык жана эл аралык коопсуздук көйгөйлөрүн талкууга алышты. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик перспективалары каралды.
Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев иш жүзүндөгү биргелешкен машыгуулар Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик даярдыктарына байланыштуу маселелердин үстүнөн иштөөгө шарт түзөрүн айтты. Ошондой эле жолугушууда эл аралык террорчулукка, мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү, өзгөчө кырдаалдарда биргеликте иштешүү жаатында сүйлөшүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.