Таластагы 4 жоокер качып кеткен “Арал” чек ара тозотунун зардалы убактылуу кызматынан бошотулду

Таластагы 4 жоокер качып кеткен “Арал” чек ара тозотунун зардалы кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. 

Анын айтымында, жоокерлердин аскер бөлүгүн таштап, куралчан качып кеткендиги боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Буга байланыштуу Таластагы “Арал” чек ара тозотунун зардалы Улан Сандыбаев убактылуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Эске сала кетсек, 26-июлдан 27-июлга караган түнү Таластагы чек ара отрядынан 4 жоокер куралчан качып кетишкен. Издөө иштерине тийиштүү органдар тартылып, алар кармалган. Учурда окуянын себептери аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aitunuk
2014-07-29 20:35:27
"Зардал" деген сөз кайсы чинди түшүндүрөт экен? К.Карасаевдин сөздүгүндө: "I. түш.диал. өрүктүн бир түрү.II (ир.) алп, күчтүү, балбан, бөкө,"-деп берилген.
0
Revolyutsioner
2014-07-30 14:16:20
Aitunuk, Азыр кимди ким корду болуп ар ким оюна келгендей жумуш кылып жатат, мурун евробиримдик дешсе эми еврошаркет деп, жикчилдер, куяндар, дагы коптогон создор бар, аны оздору эле тушунбосо калын журт тушунгон жери жок...
0
omurbek1990
2014-07-30 14:46:17
Зардал деген соз командир. Башкача айтканда ошол заставанын командири болот.
0
Gulnura-94
2014-07-30 15:40:35
Кечиресиздер урматтуу окурмандар бул Арал чек ара тозотунун 4 жокеринин качып кетуусунун себебин алар оздору гана билишет анткени ал жакта дедовщина жок жокерлер жигитче иш кылышкан жок кыскасы "Дедовщина в армии Кыргызстана Национальная Гвардия" ХХХ коро аласыздар! Кыргызымдын жигиттери бар болгула силерге ийгилик
0
admin_portal
2014-07-30 15:51:18
Gulnura-94 - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан