Бүгүн экс-мэр Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму болот

Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаарынын мурдагы башчысы Нариман Түлеевдин иши боюнча сот отуруму болот. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 23-июль күнкү сот отурумунда Нариман Түлеев менен бирге айыпталып жаткан Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам бүгүнкүгө жылдырылган эле.   

Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан