Кыргызстанга быйылкы жазгы талаа иштерине 40 миң тонна күйүүчү май керек

"Кыргызстандын 2013-жылдагы жазгы талаа иштерине 40 миң тонна күйүүчү май керек". Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстанга күйүүчү майды тынымсыз алып келүү үчүн тиешелүү тарап менен атайын келишимге кол коюлган. “Учурда Кыргызстанга 13 миң тонна дизель майы алынып келинди. Баасы 39-42 сом болмокчу. Күйүүчү майдын бул түрүнө суроо-талап көп болгондуктан, анын баасын дагы арзандатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан