Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Дүйшөмбүдө өтө турган тышкы иштер министрлеринин отурумуна катышат

31-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отуруму орун алат. Ага КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баш болгон кыргыз делегациясы катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Отурумда мамлекеттердин тышкы саясат боюнча мекеме жетекчилери 2014-жылдын сентябрь айында Дүйшөмбү шаарында өтүүчү Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына болгон даярдыктар, кызматташууну өнүктүрүү жана аймактык, эл аралык көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карап чыгышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан