Ысык-Көл облусунда "65 жаштагы жеке мейманкананын ээсин мыкаачылык менен өлтүрдү" деп шектелген жаран камакка алынды. Бул тууралуу 30-июлда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарына Чолпон-Ата шаарынын тургуну өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жердеги матрацтардын астынан колу-буту байланып жана оозуна футболка тыгылган маркумдун кансыраган денеси табылган. Эксперттер айымдын муунтулуп өлтүрүлгөнүн билдиришкен. Иликтөөнүн жүрүшүндө каза болгон айымдын Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасы жоголгону маалым болгон.
Күбөлөр акыркы жолу маркумдун мейманканада эс алып жүргөндөр менен көрүшкөнүн айтып, кылмышка шектүү адамды сүрөттөп беришкен. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Балыкчы шаарындагы турак үйлөрдүн биринде адам өлтүрүүгө шектүү 21 жаштагы И.Элеман аттуу жаран кармалды. Анын Жалал-Абад облусунун тургуну экени аныкталып, шектелген жаран кылмышын мойнуна алды. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.