Ноокен районунда 14 жашар кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 29-июль күнү 2000-жылы туулган Замирбек кызы Гүлкайыр аталган райондогу Достук каналына жуунуп жатып агып кеткен. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.