Ош шаарында белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 29-июль күнү саат 20:30 чамасында Ош шаардык куткаруу кызматы Аношина көчөсүндөгү 71-үйдүн жанынан агып өткөн Яккалик каналынан 35-40 жаштар чамасындагы аты-жөнү белгисиз адамдын жансыз денесин чыгарышкан. Учурда сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.