Түп районунда 5 килограммдан ашык баңгизат менен Казакстандын жараны кармалды

Ысык-Көл облусунда 5 килограммдан ашык баңгизат менен Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, Түп районунда 39 жаштагы Казакстандын жараны Р.Александр кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 5 килограммдан ашык марихуана табылган. Айтымында, аны өзү колдонуу үчүн алып жүргөн. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан