Бүгүнкү соттук отурумда, Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам Нариман Түлеев менен мамлекеттик айыптоочулардын ортосунда кайым айтышуу келип чыкты.
Мамлекеттик айыптоочулар "Адам катуу ооруп калганда гана сотко катышпай койсо болот. Бейшенбаевдин омуртка грыжасынын канчанчы стадиясы экендиги маалымдамасында так көрсөтүлгөн эмес" дешти.
Буга жооп катары Нариман Түлеев: "Урматтуу мамлекеттик айыптоочулар, эртең силер да биздин ордубузда болуп калышыңар мүмкүн. Кечээ эле Турсункулов, Сатыбалдиевдер түрмөгө түшүп калабыз деп ойлошкон эмес. Адам ооругандыгынан улам келе албай калды. Түшүнүү менен мамиле кылсаңар болмок. Силер да соттолуп калышыңар мүмкүн, Кудай сактасын дегиле",- деди.