Өткөн сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районунда 800 түк беде күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Ата районунда “Виктор” дыйканчылык чарбасында өрт чыккан. Анын кесепетинен 40 чарчы метр чөпкана, 800 түк беде күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан