Нариман Түлеевдин иши боюнча соттук отурум аны менен бирге айыпталып жаткан Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам 19-августка жылдырылды.
23-июль күнкү сот отуруму да Р.Бейшенбаевдин ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандыгынан улам бүгүнкүгө жылдырылган эле.
Эске салсак, 2013-жылы 29-июль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. Ал коррупциялык иштер боюнча айыпталган. Аны менен кошо иштеген айыпталуучулар да 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылган.