Бүгүн, 30-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды.
Президенттик аппараттан билдиргендей, өлкө башчыга Осмонбек Артыкбаев кышкы-күзгү мезгилди стабилдүү өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин конкреттүү иштерине токтолду.
Атамбаев министрликке энергетика тармагындагы азыркы маселелерди объективдүү баалап, аларды чечүүнүн механизмдерин тыкыр иштеп чыгуу боюнча тапшырма берди.