Бишкекте “шаар тургунун тоногон” деп шектелип 20 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, Н.Данияр аттуу шаар тургунун эки белгисиз жаран күч колдонуп коркутуп, жанындагы акчасын тартып алышкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү катары Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 20 жаштагы Ш.А. жана Ч.М. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.