Туруктуу жашаган жери жок Казакстандын жараны тоноо фактысына шектелип кармалды

Туруктуу жашаган жери жок Казакстандын жараны тоноо фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Т.Аманат аттуу тургуну кайрылган. Анда ал 30-35 жаштар чамасындагы белгисиз адам күч колдонуп, ичинде акча жана документтери болгон сумкасын тартып алганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Бишкекте туруктуу жашаган жери жок Казакстандын жараны Э.М. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан