Баткен облусундагы Сох анклавын айланып өтүүчү жолдун курулуш иштери уланып жатат. Бул жол 5-январдагы чек ара жаңжалынан улам район борбору менен байланышсыз калган Бөжөй айылы үчүн салынууда. ӨКМ билдиргендей, учурда облустагы Кыштут айылында Бел-Сөгөт - Бөжөй унаа жолун кеңейтүү иштери жүрүүдө. Жалпы узундугу 21 чакырым болгон бул айланма жолдун 14 чакырымын тегиздөө иштери аяктап калгандыгы кабарланды.