Укук коргоо органдары: “Бишкекте мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыз боюнча кылмышка шектүүлөр бар”

Мыкаачылык менен өлтүрүлүп, Жибек Жолу көчөсүнө ташталган кыз боюнча кылмыштын бети ушул жуманын аягында ачылышы мүмкүн. Бул боюнча SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 30-июлда билдирди.

“Кыздын аты-жөнү такталган. Ал Баткен облусунун тургуну экени аныкталды. Бишкекте сиңдиси экөө Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринде батирде турушчу. Учурда бул кылмыштын бетин ачуу үчүн бардык иш-аракеттер көрүлүп жатат. Бардык жыйынтыктар чыгарылса, ушул жуманын аягында бул кылмыштын бети ачылып калышы толук мүмкүн. Шектүү адамдар бар. Алар боюнча иш жүрүп жатат”,- деди Бакыт Сейитов.

Эске салсак, Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денесин 24-июлда эң алгач таңкы саат 5:00 чамасында ошол аймакты тазалап иштеген адам көрүп, милицияга кабар берген.

Белгилүү болгондой, кылмышкерлер кыздын жансыз денесин Жибек Жолу көчөсүндөгү эки тараптуу жолдун дал ортосуна таштап кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан