Ак-Суу районунда 32 жаштагы айымды шымына муунтуп өлтүргөн жарандын Жети-Өгүз районундагы студент кыздын өлүмүнө тиешеси жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен бүгүн, 30-июлда кабарлашты.
Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын айланасындагы чычырканактын арасынан 32 жаштагы айымдын жерге көмүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынын А.Кудайбергенов аттуу тургуну кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 32 жаштагы айылдаш айымды анын өзүнүн шымы менен муунтуп өлтүргөнүн айткан.
Ал эми буга чейин 7-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы талаадан зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын сөөгү табылган.
Кылмышты жасоо ыкмалары окшош болгондуктан, жогорудагы шектүү делип жаткан А.Кудайбергеновдун Жети-Өгүз районунда табылган студент кыздын өлүмүнө да тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги айтылган.
Бирок иликтөөдө А.Кудайбергеновдун Жети-Өгүздө шымына муунтулуп өлтүрүлгөн кыз боюнча кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталды.
Ысык-Көл ОИИБиндеги өздүк булактарыбыздын айтымында, 17 жаштагы студент кызды бир адам эмес, бир нече адам зордуктап, өлтүрүшкөн. Ал кылмыш боюнча негизги 2 шектүү адам бар. Учурда бул боюнча иликтөө жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фактылар азырынча ачыкка чыгарылбай турганы айтылды.