Нарын. 2012-жылы уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча 16 окуянын бети ачылды

2012-жылы Нарын облустук Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы 16 кылмыштын бетин ачты. Ошондой эле издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун 4 мүчөсү кармалганын Нарын ОИИБи билдирет. Пара алуу фактысы боюнча - 2, аманатка берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу боюнча - 3, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча - 6, документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү кол менен жасоо боюнча - 1 кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле экологияга зыян келтирип, бак-дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу боюнча - 1, балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аң уулоо фактысы боюнча - 3 кылмыш иши катталып, бети ачылган. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан