Москвада "гүл саткан дүкөндү тоногон" деген шек менен кыргызстандык эки жаран кармалды

Москвада "гүл саткан дүкөндү тоногон" деген шек менен кыргызстандык 2 жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 30-июлда маалымдашты.

Маалыматтарга ылайык, 16-июлда Москва шаарындагы гүл сатуучу дүкөндөрдүн бирине белгисиз адамдар кирип келип сатуучуну тапанча менен коркутуп, акча, уюлдук телефон, ноутбукту алып, из жашырып кетишкен.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында Москва шаардык полициясы тарабынан шектүү катары 22 жана 23 жаштагы 2 кыргызстандык жана 24 жаштагы өзбекстандык жаран кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Angel92
2014-07-30 17:33:52
Кыс*п эле журо бербейби дейм да.Эми кутулуп болупсунар.Ушундайлардын айынан башкаларга да зыян тиет
+3
880909
2014-07-30 17:39:12
двордо иштесенер да тапмаксынар ошол акчаны мээси жоктор силердей шакалдардын айынан бизди да жаман коруп атышат, эми отургула тишинердин кирин соруп
+3
malik.87kg
2014-07-30 17:45:32
Биз зорго журобуз бул жерде коркуп булар журокту кайдан алат тушунбойм орустардын колунан чыгып болупсунар эми бир сомун албайбызго биз коркосун бирсом учун каматып жиберет булар кантип тоногонун тушунбойсун аллахым колу бутунду соо кылып жараттыбы оз мээнетин менен иштеп тап ошол акчаны бети жоктор кыргыздардын наамын булгаган мээси жоктор десе
+6
Timur02
2014-07-30 17:47:33
москвада оной еле таап алат.ушул ишинерди кыргызстанда еле кылбапсынарда бизде таппайт еле.
+2
Mukan89
2014-07-31 11:55:06
Timur02, keremet siz go chirkin,tuptuura
0
malik.87kg
2014-07-30 17:54:41
Ойлонбодунарбы ошол ишти кылып атып бети жоктор бул жерди Москва дейт таап алат баарибир деп кыргыздарга не болуп атат озу биз мусурман эмей эле капыр болуп кетип атабыз
0
samidinova84
2014-07-30 18:48:58
Ниети жаман адамга айла жок.ээ кудай,ушундай ниети жаман тааныштан сактай кор.
-2
Sharipa-asia
2014-07-30 18:51:36
Жон эле журбойсунорбу акмактын ишинн кылбай, орустар эми силерге кун бербейт, бир кумалак бир карын майды чиритет деген соз бар беле, силердин айынардан бут кыргыз жаман корунот
0
kamarik
2014-07-30 19:39:15
Кашкалдактар кыссса болмок бир жерин.
0
Danel
2014-07-30 21:07:54
Эми ушул кылган ишинердин артынан,Москвада канча квартираны менттер бастырып жаптырып олтурот,Кудай сактасын тынч эле бололу!
0
aliaman
2014-07-30 23:23:33
а балким бул поставадыр же чыныгы ууруну таппаса менттер ошолордун оордуна буларды отургузуп коюшу деле толук мумкунда. ээх чындыкты кантип биз билмек элек. бул жер шары кичинекей глобустай корунгону менен ичинде эмнелер кана болбой жатат. эмнеси болсо да билуучу жалгыз Аллах
0
bema_bema
2014-07-31 01:07:09
Булар Кыргызстандык Озбектер деп уктум
0
nur82
2014-07-31 20:42:59
bema_bema, сага кошулам.Озбектер болгон учун учунчусу Озбекстандык да.Значить баары озбектер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан