АКШнын Массачусетс штатынын 100 жаштагы тургуну Мэри Мониз орто билим тууралуу аттестат алды. Ал окууну бүтөрүнө эки жыл калганда алардын үй-бүлөсү Америкадан Азов аралдарына көчүп кетишкенин айткан. Ошондой эле тарых сабагы боюнча мугалим болууну самап, алган аттестаты ал үчүн сыймык экенин билдирген. Бул тууралуу 30-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мониздердин үй-бүлөсү АКШга 1949-жылы гана кайтып келген. Бирок ал окуусун уланта албай, металл конструкцияларын чыгарган ишканага жумушка орношкон. Мэри Монизге орто билим тууралуу аттестатты Массачусетс штатынын билим берүү боюнча мамлекеттик комиссары тапшырды.