Өлкө башчы Султанбек Жумагуловду ЭлТРдин башкы директору кызматынан бошотту

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Султанбек Жумагулов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ЭлТРдин башкы директорунун милдеттерин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу 30-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Өткөн жылдын ноябрь айында Султанбек Жумагулов ЭлТРдин башкы директору болуп дайындалган. Буга чейин КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, анын арызын КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү канааттандырган эле. Ошол эле күнү Байкоочу кеңеш өз отурумунда С.Жумагуловду КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу кылып шайлаган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан