Ысык-Көл облусунда уурулукка шектелип жашы жете элек кыз кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы бүгүн, 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган 15 жаштагы кыз "Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде эс алып жүргөн жарандын уюлдук телефонун уурдаган" деп шектелүүдө. Учурда "бирөөнүн буюмун уурдоо" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.