Кыргызстанга айыл чарба техникасын ташып келүүнү каржылоо үчүн Евразия өнүктүрүү банкы 20 миллион доллар бөлөт

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев 30-июлда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө лизинг шартында алынган жаңы айыл чарба техникасын тапшырды. Ошондой эле жыйынга Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Такаюки Коикэ катышты.

Тайырбек Сарпашев Япония өкмөтүнө лизинг тутумун өнүктүрүүгө карата көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Айыл чарба техникасын лизингге алууну өнүктүрүү үчүн кредиттик ресурстар жылдан-жылга көбөйтүлөт. Биз айыл чарба техникасын лизингге алуу үчүн жылына бөлүнгөн каражаттын суммасын 5 миллиард сомго дейре көтөрүүнү пландаштыруудабыз. Бул бизге колдогу технопаркты кескин жакшыртууга шарт түзөт. “Кыргызстанга айыл чарба техникасын ташып келүүнү каржылоо” долбоорун ишке ашыруу максатында Евразия өнүктүрүү банкы 20 миллион доллар бөлөт. Мындан тышкары 40 миллион евро Польша насыясынын 24 миллион евросу айыл чарба техникасын лизингге алууга багытталат. Аталган долбоорлордун ишке ашырылышы үстүбүздөгү жылдын күзүндө башталат»,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан