Орусияда “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп айыпталып жаткандардын үстүнөн сот өкүм чыгарды

Орусияда “Хизбут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп айыпталып жаткандардын үстүнөн сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу кечээ, 30-июлда орусиялык басылмалар жазышкан.

Соттолуучулар 34 жаштагы Сайфулла Курбанов, 40 жаштагы Шамил Исмаилов, 37 жаштагы Азизбек Инамов, 38 жаштагы Зикруллахан Рахмонхожаевге “конституциялык түзүмдү зомбулук менен өзгөртүүгө, бийликти басып алууга аракеттенишкен” деген күнөө коюлган. Алар кечээ, 30-июлда 7 жылдан 11 жылга чейин эркинен ажыратылышты.

Айта кетсек, айыпталуучулар Инамов, Курбанов, Рахмонхожаев 2012-жылы кармалышкан. Ал эми Исмаилов 2013-жылдын жай айында колго түшүрүлгөн эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Beka.
2014-07-31 10:50:54
конституциялык түзүмдү зомбулук менен өзгөртүүгө, бийликти басып алууга аракеттенишкен” Бул статияны алардын мойнуна такканы туура эмес деп ойлойм. Анткени алар эч бир жерде жардыруу кылбаса. Элди бийликти басып алгыла деп митинг откоркорбосо. Анан кантип бул статия менен камайт?! Орусия бийлиги мусулмандарга жалган доомат кылып, камап, жада кала олтуп жок кылам деп ойлоп жатат! Албетте Аллах оз дининде мусулмандарды, устомдук кылат. ИншаАллах.
0
Dadin1
2014-07-31 11:17:33
Сот туура окум чыгарыптыр,хизбут-тахрир ислам динине каршы чыккан уюм.Кыргызстанда да хизбут-тахрир уюмун озок-тубу менен жок кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан