Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине жогорку окуу жайлардын биринин студенти кайрылган. Анда ал окуу жайдын кафедра башчысы “сессияңды бүтүрүп, башка окуу жайга которулганга жардам берем” деп 25 миң сом акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча атайын иш-чаралар көрүлүп, кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен өз кызматтык бөлмөсүндө кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.