Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Ош облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери Т.Р. пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам Өзгөн районундагы автомектептин кызматкерин “кылмыш ишин козгойм” деп коркутуп, 1 миң доллар талап кылган. Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында Т.Р. 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү УКМКнын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rysbek1983
2014-07-31 12:33:29
Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери пара алып жатса, калган Эл кайда барат...?
Улуттук комитетте Коррупцияга каршы курошкон кызмат кайда?
+1
kursantbek
2014-07-31 14:15:40
акча алдап жататда баарын тойго акча керек болсо деле ушинтип акча тааап жыргап жашап журушотта биздин чондорубуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан