Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары өз билемдик менен жол кире баасын көтөрүшсө, аларга мыйзам чегинде чара колдонулат. Бул тууралуу 31-июлда
SUPER.KG порталына Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгынын юристи
Динара Кошаманова билдирди.
Анын айтымында, жол кире акысын көтөрүү шаардык депутаттардын чечими менен болот. Бирок маршруттук тариф 10 сом бойдон калышы толук мүмкүн.
Ал эми бүгүн, 31-июлда калаада 2444 кичи автобус жарандарды тейлеп жатканын кошумчалады. Эскерте кетсек, 28-июлда Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү майдын кымбаттаганына жана жол эрежесин бузгандарга айып пул көлөмү жогору болуп жатканына байланыштуу иш ташташкан болчу. Алар күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөсө, жол кирени 15 сомго чейин көтөрүшөрүн айтышкан.