Президент Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды

Бүгүн, 31-июлда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Кабыл алууда ушул жылдын республикалык бюджетин аткаруу, 2015-жылга негизги финансылык документтин приоритеттери тууралуу маселелер талкууланды.

Лаврова мамлекет башчыга өлкөнүн энергетикалык системин чыңдоо үчүн бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Андан сырткары министр бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыз кылууга багытталган чаралар жөнүндө билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан