“Караколдо баш аламандык уюштурушкан” деп айыпталып жаткандар боюнча сот отуруму 14-августка жылды. Бул тууралуу айыпталуучу Абай Узаков бүгүн, 31-июлда билдирди.
Анын айтымында, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Айбек Сарыбаев, Дастан Жунушбаев, Кайрат Качаганов, Абай Узаков, Кубат Токсобаев, Акылай Кенекеева, Талант Ылаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму болмок. Бирок белгисиз себептерден улам кийинкиге жылдырылды.
Эске салсак, 2013-жылдын 7-октябрында Караколдо “Кумтөр” боюнча меморандумга каршы акция уюштурулган. Анда митингдин катышуучулары өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаевди бир нече саатка унаада барымтада кармап, андан соң облустук администрацияны курчоого аракеттенишкен. Бул окуяларга тийиштиги бар делинип Жети-Өгүз районунун бир канча тургуну кармалып, аларга карата кылмыш иши козголгон.