Бүгүн, 31-июлда өлкөнүн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жалпы коллегиялык жыйыны өтүүдө. Анда министрлик өз ишмердигинин жарым жылдык жыйынтыгын чыгарып жатат. Жыйында министр Осмонбек Артыкбаев учурда электр энергия тармагында кырдаал оор экенин айтты.
“Бизде кырдаал оор. Ошентсе да министрлик, компаниялар жалпы иш жүргүзүп жатабыз. Абалга жараша маселени чечсе болот. Биз аны чечебиз. Өткөн жылы да оор болгон. Пландалган иштер аткарылганга байланыштуу жыйынтык жакшы болду”,- деди Артыкбаев.