Министр электр энергия тармагында түзүлгөн оор абал быйыл кургакчылык болгонуна байланыштуу экенин айтты

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев электр энергия тармагында түзүлгөн оор абал кургакчылык болгонуна байланыштуу экенин айтып: Быйыл суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард куб метрге аз”,- деп билдирди. Анын айтымында, быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 70 пайыз суу келип жатат. Жалпы жыл боюнча 83 пайызды түзүүдө.

Биз электр энергияны экспорттоону токтоттук. Өткөн жылдары биз кышка экспорттун негизинде даярданчубуз. Быйыл башка пландардын негизинде чечип жатабыз”,- дейт министр.

Бүгүн 31-июлда министрликтин коллегиялык жыйынында министрлик ишинин жарым жылдык жыйынтыгын карап жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул жыйынга вице-премьер Валерий Дилди катышат деген болчу, бирок ал келген жок.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан