"Кыргызстанда дары-дармекке кошумча нарк салыгы киргизилсе, дарылардын баасы 20 пайызга кымбаттайт". Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Бишкектеги “Медико интернешнл” компаниясынын башкы директору Таалайбек Жайлоев билдирди. “Мындай учурда карапайым калк менен мамлекеттик ооруканалар гана кыйналат. Жеке ишканалар мындай кырдаалдан бааны көтөрүп коюп оңой кутулушат. Азыр дары-дармектер күн сайын жаңыланууда. Мунун натыйжасында Саламаттыкты сактоо министрлиги абдан эле татаал абалда калат деп ойлойм",- деди ал.