Куралдуу күчтөрдүн жогорку командачылык курамы жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачылык курамы жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу 31-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачылыгынын төмөнкү курамы аныкталды:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басарлары.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-апрелиндеги №167 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн жогорку командачылыгы жөнүндө» жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан