Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Аба кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ИКАО) эксперттеринин сунуштарын аткарууга жана Аба кодексинин ченемдерин эл аралык практика менен шайкеш келтирүүгө багытталган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан