Өткөн сутка ичинде республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 3, Ош шаарында 3 өрт кырсыгы катталган.
Панфилов районунда сарайдын 16 чарчы метр чатыры күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына үй ээсинин 4 жаштагы уулу себеп болгон.