Каракол шаардык кеңешинин депутаты мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды

Каракол шаардык кеңешинин депутаты мас абалында унаа айдаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.

Маалыматка караганда, жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан Каракол шаарында ак түстөгү Тойота Прадо унаасы токтотулган. Бирок аталган унаанын айдоочусу МАИ кызматкерлерине баш ийбей, жүрүшүн уланта берген. Күч органдары артынан кууп барышып унааны токтотушканда, айдоочунун мас абалда экендиги аныкталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал жаран Каракол шаардык кеңешинин депутаты Эмилбек Ибаков экендиги белгилүү болгон. Учурда анын үстүнөн административдик протокол түзүлүп, унаа айып жайга токтотулган.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
noname
2014-07-31 18:20:45
Ушундай кылып суротун,аты-жонун жазып чыксанар болот экенго,каяктагы кылмышкер,паракорлорду жашырып айтпайсынар.Т мененК пара менен кармалды деп,болгонбу же бодбогон нерсеби.так маалымат жокда
+9
kursantbek
2014-07-31 18:28:55
хе хе Т Менен К пара менен кармалды дегенин жакты !!!!!
+4
kamarik
2014-07-31 19:10:15
Ошо да мен да кошулам т менен к дебеш керек деп
+4
restreppo
2014-07-31 20:11:59
депутаттардын ичинде мас болуп эле машина айдаган эмес бандиттери да бар го,
+4
880909
2014-07-31 21:37:08
мунусу карапайым депутат окшойт болбосо Э И болуп калмак да
+4
Tynchy28
2014-08-01 00:08:33
бул депутат акебиз чабактардан экен,а киттерин ушинтип ачыка чыгарсанар кана...
+4
Erik_83
2014-08-01 09:04:32
Чабактары Тойота Прадо айдамак беле.
Киттерден эле кармашыптыр туура кылышкан.
+2
urmat_88-kg
2014-08-03 14:34:00
Эээ коросунор жакында бул да акталат. Майилер адашып калыптыр деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан