Дүйшөмбүдө Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен кызматташтыгын жакшыртуу сүйлөшүлдү

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отуруму орун алды. Ага КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баш болгон кыргыз делегациясы катышты. 

Иш сапардын алкагында КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты жакшыртуу максатында чек ара маселесин чечүү керектиги айтылды.

Ошондой эле министр Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушуп, кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү жана көп тармактуу кылууга болгон аракеттерди талкуулашты. Бул тууралуу 1-августта ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан