2012-жылы Нарын облусунда «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрүн жана колдоочулары деп эсептелген 25 адам каттоого алынды. Каттоого алынган 25 адамдын ичинен 16 адам Нарын шаарында, 8 адам Ат-Башы районунда жана 1 адам Кочкор районунда жашай тургандыгы белгилүү болду. Жыл ичинде диний экстремизмди алдын алуу максатында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда жана Нарын шаарында тегерек столдор өткөрүлүп жатканын билдирет Нарын ОИИБи.