Беловодск айыл өкмөтүндө иштеген айым милиция кызматкерине пара бергендиги үчүн кармалды

Беловодск айыл өкмөтүндө иштеген айым милиция кызматкерине пара бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 31-июлда билдирген.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине арыз келип түшкөн. Анда Беловодск айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер салыгын төлөшпөгөнү, эч кандай аукцион өткөрүшпөстөн ижарага жер тилкесин беришкени жазылган.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 11 гектар жер тилкесин ижарага алган Т.Р. аттуу жаран аталган айыл өкмөттүн кызматкери К.Тга 67,5 миң сом бергени белгилүү болгон. Бирок бул акча айыл өкмөтүнүн кассасына келип түшкөн эмес.

Тергөө учурунда аталган К.Т. аттуу айым милиция кызматкерине маселени кылмыш ишин козгобой, жакшы жакка чечип берүү үчүн 500 доллар пара сунуштап, ал пара берип жаткан жеринен кармалган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kursantbek
2014-08-01 15:06:40
онолотко биздин милиция кызмат керлерибиз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан