Чаткал районунда бир нече уй, койлор кара өпкө оорусуна чалдыгып өлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта жергиликтүү тургундар билдиришти.
Айтымдарында, учурда Чаар-Таш жайлоосунда 7 баш уй өлдү. Бирок азырынча уйлардын эмне себептен өлүп жатканы аныктала элек. Ал эми койлорго кара өпкө оорусу жугуп, басымдуу бөлүгү кырылып жатат. Бул жугуштуу оору сырттан келгенин айтышты. Аталган илдет менен күрөшүү үчүн азыр эч кандай чара көрүлбөй жатат.