Өткөн сутка ичинде республика аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде республика аймагында 15 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 1-августта билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Сокулук районунда жыгач устундуу, шифер менен жабылган 120 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 3 эшик, 3 терезе күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгышына электр ширетүү иштериндеги коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан